BÖLÜM 3 · 10 EKİM
Бүгүн кемпир көбүрөөк кечикти. Күндө бул маалда жаңы бышкан сүт ичкен кичине бөбөгү ыйлай баштады. Тестиер кыз эмне кыларын билбей калды.
Атасы чек арада иштегендиктен, ушул айылга көчүп келишкени 3-4 ай гана болгон. Ал көбүнчө кызматта болгондуктан, апасы, бөбөгү үчөө жашачу. Кичине иниси экиге чыкканда, апасы тамак-ашка тыгын болсун деп, жумушка кирип алды. Ал таң атпай жумушка кетип, кеч кирип калганда келет. Кыз өзү 4-класста окуса да, ал келгенче бөбөгүн карап үйдө. Анын бул жолку кышкы каникулу ушундай өттү. Окуусу башталса, апасы бөбөгүн тайенесине жеткирмек. Кыз бул ирет түйшүк тартканы менен, бөбөгүнө өтө жакындай түштү. Өзүн каадалуу киши сезип, токтолуп да калды. Инисин апасы какшап айтып кеткендей, бөлмөдөгү жылыткычка жакын жолотпой ойнотуп, курсагын тойгузуп, кийимин которуп койгонго жарайт. Апасы мындан 30 чакырым алыс жерге барып иштегендиктен, өтө эрте кетет. Андыктан, бул кемпирге күнүгө бир маал жаңы саалган сүт алып келип берүүнү суранган экен. Анан эмнегедир, ушул учурдагы жашоосу ага да байлана түшкөндөй болду. Бул айыл ага чоочун. Классташтары менен да жакшылап достошо элек. Ушу чоң айылда алардын үйүнө ушул кемпир келип кетчү гана жалгыз жол бардай туюлат.
Бүгүн болсо ал кечигип жатат. Кыз аргасыздан кайнак сууга идиштин түбүндө калган кичине сүттү куюп, кылаңгыр чайга нан чылап, сары майдан салып, суутуп, бөбөгүнө берди. Өзү корккон бул кемпирди ушунча зарыга күтөм деп эч убакта ойлобосо керек. Курсагына бир нерсе барган бала кайрадан уйкуга кетти.
Ушул учурдан пайдаланып кыз сүткө өзү бармай болду. Шашкалактап жатып, сүт куюлуп келип, кайра апасы аркылуу жеткирип турган бөтөлкөлөрдөн бирин таппай калды. Бир аз буйдала түшүп кыдырекей тизилген идиштердин арасынан кичинекей гүлдөрү бар сыр идишти көрүп сүйүнүп, аны ала сыртка чыкты.
Теребел ак жамынып, түндө жааган карга көмүлгөн табият тазара түшүптүр. Мындай тазалыкты эч ким кол менен жасай албас. Кыз эшикти акырын жаап, бирин-серин киши басып, таптала түшкөн жалгыз аяк жол менен кемпирдин үйүн көздөй жөнөдү.
Экиге бөлүнүп өрүлгөн чачын шаша кийген кызыл чыптамасынын сыртына таштап, апакай, кичине жүзүнө жарашкан бото көздөрүн жүлжүйтө чала ачып, карга чагылышкан жарыктан уяла бара турган үй тарапты бир карап койду. Күн жебеси узун кирпиктеринин арасынан буйтап өтүп, көзүн кытыгылап, атайлап аны менен ойноп, тамашалагансыйт. Ага да көңүл бөлбөй, улактын тумшугундай кичине мурдун өйдө көтөрүп, таза абаадан кенен жутуп алып бат-бат кадам таштап бара жатты.
Эмнегедир, байбиче жашаган үйдүн алдында боз үй тигилип туруптур. Айланасында кодулаган эл. Кыз тапталган жол менен боз үй түбүнөн өттү. Анда болсо татынакай аялдын сүрөтү илинип турат. Аял тайэнесине да окшоп кетти. Эрксизден аны сагынганын эстеди.
Бир кезде боз үйгө 2-3 аял жакындап, анан боз үй ичинен “Апакайым, айым, күнүм, апакем ай, бизди таштап кеттиңби?”,- деп ыйлаган муңдуу үн чыкты. Аны коштогон ый, кошок кыздын бир чыкыйынан кирип, экинчи чыкыйынан чыгып кеткендей туюлду. Кыз селейе эмне кылар айласын таппай туруп калды. Ошол кезде боз үйдөн чыгып келе жаткан келин аны көрүп:
-Апээй, апам силерге сүт жеткирчү эмес беле, ал киши каза болуп калбадыбы, катыгүн. Келе, идишиңди, мындан кийин өзүң эле келип тур, менин сага сүт жеткиргенге убактым болбойт,-деди да, кыздын колундагы идишти алып үйүнө кирип кетти.
Эми ал боз үйдөгү тайэнесине окшогон аял баягы өзү коркуп жүргөн кемпир экенин түшүндү. Ал сүрөттү дагы бир жолу карады. Кареги карекке кадала түштү. Кыз бул жолу андан корпой, тескерисинче, жакын адамдай аны өтө аяп турду. Аңгыча келин үйдөн чыгып, колундагы сүт куюлган идишти берип, шашкалактай боз үйгө жөнөдү.
Кыз ый менен кошоктон кулагы тунгансып, ар нерселер оюна келип, үйүн көздөй бет алды. Ал өлүм, өмүр тууралуу биринчи жолу ойлонду. Мунун баары ага жаңы жааган кардай жапжаңы сезим тартуулап турду. “Капырай, ажал деген кандай коркунучтуу!” деп ойлонду. Эми ал айдагы кемпир коркунучсуз жомоктогу бир каарман экенин түшүндү.
Кыз ошондой миң сан ой менен баратып, тайгаланып жыгылып түшү. Колундагы идиши бекем кармаганга болбой, көмөрүлө түшүп, аппак сүт ак кар үстүнө жайылганга үлгүрбөй, бир заматта сиңип жок болду. Кыз жерге олтурган калыбында тиги кошокчуларга кошулуп ыйлап жатты. Ал сүткө ыйлаган жок. Бөбөгүнүн курсагын бүгүн эмне кылса да тойгузмак. Бирок, кыз ага бир маал келип, жагымдуу үнү менен эркелете чакырган кемпирди кайрый алмак эмес. Аны жерге сиңип кеткен сүттөй кайра кайтаруу мүмкүн эмес эле…